Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 09.03.2016 12:58

Ош шаарынын каратисттери 500 спортчу катышкан эл аралык турнирден 5 медаль алып келди (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 5 спортчусу каратэ-до боюнча Актөбөдө өткөн 15-эл аралык турнирдин байгелүү орундарын ээледи. Эл аралык турнир 27-28-февралда өтүп, Кыргызстандын 26 спортчусу катышты. Анын ичинен 8 спортчу Ош шаарынан тандалганын мелдештин катышуучулары билдирди.

Жеңүүчүлөр:

- 55 кг салмактагылар арасында Нурсултан Исаков коло медаль;

- 75 кг салмакка чейинкилер арасында Самарбек Дөлөтбаев күмүш медаль;

- 55 кг салмакка чейинкилер арасында Айгерим Приева күмүш медаль;

- 30 кг салмакка чейинкилер арасында Адель Ажиева алтын медаль;

- 30 кг салмакка чейинкилер арасында Жибек Баракова күмүш медаль.

Ошондой эле командалык беттеште Кыргызстандын командасы 2-орунду ээледи. Кыргызстандын командасын С.Дөлөтбаев, Н.Исаков, Абдуалым Уланбек уулу түзгөн.

Жогорку деңгээлде уюштурулганы белгиленген турнирге Башкортостан (Россия), Кыргызстан жана Казакстандан 500гө жакын спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×