Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.03.2016 09:29

Оштогу журналист мырзалар арасында волейбол мелдеши өттү (фото)

Turmush -  8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында волейбол боюнча мырзалар мелдеши болуп өттү. Ага «ЭлТР», «Ош ТВ», «Ош Пирим», «Башат», «7-канал», «Ынтымак» телерадио компаниялары, «Рекорд» радиосу, «АКИпресс-Ош» маалымат агенттигинин жана Ош шаарынын мэриясынын курама командалары катышты.

Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды.

Журналист мырзалар арасында өткөн волейбол боюнча мелдешинде «ЭлТР» МТРК 1-орунду ээледи. 2-орунду Ош шаарынын мэриясынын командасы, 3-орунду «Ынтымак» телерадиоканалынын мырзалар командасы ээледи. Оюнда адыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн «Мыкты оюнчу» номинациясы менен «Эл ТР» МТРКсынын оюнчусу Умар Надыров, «Мыкты коргоочу» номинациясы менен мэриянын командасынын оюнчусу Нияз Маликов, «Мыкты чабуулчу» номинациясы менен «Ынтымак» ТРКнын оюнчусу Азат Аманов сыйланды. Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Ынтымак» ТРКнын күйөрманы Адина Досумбетова «Мыкты күйөрман» номинациясына ээ болду.

Мэриянын командасынын курамында Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров болуп, мыкты оюн көрсөттү.

Мелдеш, күйөрман болуп келген журналист айымдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×