Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 07.03.2016 08:49

«Абдыш-Ата» менен «Алайдын» Кыргызстандын Суперкубогу үчүн болгон чечүүчү беттешинен фоторепортаж

Turmush -  Канттык «Абдыш-Ата» футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогун биринчи жолу утту. Мелдеш 5-мартта Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алды.

Суперкубок үчүн канттык команда өлкөнүн учурдагы чемпиону оштук «Алай» менен жолукту.

Биринчи 45 мүнөттүк бөлүктө талаа ээлери артыкчылыкка ээ болушту, бирок ыңгайы келген учурларды ишке ашыра алышкан жок. Биринчи тайм 0:0 менен аяктады.

Оюндун экинчи жарым бөлүгүндө канттыктар бир гол киргизүүгө жетишти. Бул матчтагы жалгыз гол болду. Анын ээси кышкы сезондор аралыгында бишкектик «KG Юнайтедден» канттыктарга өткөн Элдар Молдожунусов болду. Оюн эсеби 1:0 «Абдыш-Атанын» пайдасына.

Муну менен «Абдыш-Ата» бул олжону биринчи жолу алды. 2014-жылы Суперкубокту бишкектик «Дордой» уткан. Ал эми 2015-жылы КРнын футбол федерациясынын чечими менен олжо үчүн күрөш болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×