Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.03.2016 12:00

Бүгүн «Алай» менен «Абдыш-Ата» Кыргызстандын Cуперкубогу үчүн беттешет

Turmush -  Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында оштук «Алай» жана канттык «Абдыш-Ата» командалары футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогү үчүн беттешет.

Беттештин алдында «Абдыш-Ата» клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана «Алай» клубунун башкы машыктыруучусунун жардамчысы Айбек Татанов маалымат жыйын өткөрүштү.

«Биз АФКнын тандоо турунда Ливандын «Триполи» клубу менен бирдей оюн көрсөтө алдык. Бирок, эки чабуулчунун оюнуна нааразыбыз. Пенальтиден жеңилип калганыбыз үчүн күйөрмандардан кечирим сурайбыз. Ал эми бүгүнкү Суперкубок үчүн беттеште катачылык кетирбегенге аракет кылабыз», - деди А.Татанов.

Эске салсак, АФКнын тандоо турунда «Алай» менен Ливандын «Триполи» клубу беттешип, пенальти тебүүдө 7:6 эсебинде «Алай» командасынын жеңилүүсү менен аяктаган.

Бүгүнкү мелдеш Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо саат 15:00дө башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×