Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.03.2016 09:36

Ош шаарындагы жаштар арасында «Ош Лига» футбол лигасы ачылды (фото)

Turmush -  Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндөө жана жаман адаттардын алдын алуу максатында «Ош Лига» футбол лигасынын ачылыш аземи өттү. Кечээ, 4-мартта өткөн аземди Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов ачып, 12 аймактык жаштар кеңештеринен куралган командалар, колледждин студенттери катышты.

Аталган комитеттин маалыматына ылайык, долбоор жыл бою улантылып, мелдештер эс алуу күндөрү өтүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×