Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 04.03.2016 08:13

Ошто аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши башталды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол жана баскетбол мелдеши кечээ, 3-март күнү башталды. Мелдешти калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, катышуучуларды аялзатынын эл аралык майрамдары менен куттуктады.

Мелдешке жалпысынан 21 команда катышып, эки топко бөлүндү, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

1-топ Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында болсо, 2-топ шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринин арасында өтөт.

«Бул мелдештин негизги максаты — республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаардагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат», - деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Оюндун финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×