Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 22.02.2016 09:40

Ош шаарында биринчи жолу журналист айымдар волейбол боюнча күч сынашты (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген журналист айымдардын арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. 21-февралда өткөн спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады.

«Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, башка аймактагы кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү жана уюшумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Бүгүнкү оюнда да сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар», - деди А.Кадырбаев.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды.

Журналист айымдар арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште ОшТВ телекомпаниясы 1-орунду алды. 2-орунду ЭлТРдин, 3-орунду «Ынтымак» телерадиоканалынын кыздар командалары ээлешсе, 4-орунга «Ош Пирим», 5-орунга «7-канал» жазылды.

Оюнда адыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн «Мыкты оюнчу» номинациясы менен «Ынтымак» ТРКнын оюнчусу Адина Досумбетова, «Мыкты коргоочу» номинациясы менен ЭлТР МТРКнын оюнчусу Сманова Гүлвира, «Мыкты чабуулчу» номинациясы менен «7-каналдын» оюнчусу Асанкан кызы Жайнагүл сыйланды.

Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Ош Пирим» телеканалынын күйөрмандары «Мыкты күйөрман» номинациясына ээ болушту.

Мелдеш күйөрман болуп келген журналист мырзаларга патриоттук сезим, майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулду.

8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген мырзалар арасында футбол өткөрүү, ага журналист айымдарды күйөрман катары чакыруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×