Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 17.02.2016 09:58

Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын кыз-келиндери волейбол мелдешине түшөт

Turmush -  Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарында 21-февралда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында волейбол боюнча кыз-келиндер мелдеши болот.

Мелдешке Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу ЖМКлар өз командалары менен катыша алат.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен жана активдүү командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектери менен сыйланат. Ошондой эле, мыкты оюнчу, чабуулчу, коргоочу жана мыкты сүрөөнчү номинациялары берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×