Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 15.02.2016 16:23

Ошто күйүүчү майдын баалары өзгөрдү

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 14-январдан 11-февралга чейинки аралыкта бензиндин А-80, А-92 үлгүлөрү 11,2-15,5%га арзандады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түштүк аймактагы анализ сектору маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Кара-Сууда 14-январда бензиндин А-80 үлгүсүнүн 1 литри 36 сом турса, 11-февраль күнү 32 сомго түшүп, баадагы айырма 11,2%ды түздү. А-92 үлгүсү айтылган убакыт ичинде 40 сомдон 35 сомго арзандоо менен баадагы айырма 12,5%ды түздү.

Дизель отунунун 1 литри 39,5 сом турса, 11-февралда 33,4 сомду түзүп, баадагы айырма 15,5%ды түздү.

Жалпысынан түштүк жергесинде бензиндин А-80 үлгүсү 35,38 сомдон 33 сомго арзандаса, бензиндин А-92 үлгүсү 39,08 сомдон 35,6 сомго түштү.

Ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 37,65 сомдон 34,2 сомго арзандоо менен айырма 9,2%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×