Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 15.02.2016 10:52

Ошто этке болгон баа төмөндөдү

Turmush -  Февраль айынын ортосуна карата Ош шаарында эттин баасы кескин төмөндөгөнү байкалды. Экономика министрлигинин Түштүк аймактагы башкармалыгындагы сектордун маалыматына ылайык, 11-февралга карата уйдун 1 кг эти 294,3 сомду түзсө, бир жума мурун 300 сомго сатылган. Баадагы айырма 1,9%ды көрсөттү.

Жалпысынан түштүк аймакта 11-февралга карата койдун 1 кг эти 302,3 сомго бааланды (бир жума мурунку баа 305 сом болгон). Уй эти бир жума мурунку 299 сомдук баадан 296,3 сомго түштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×