Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 12.02.2016 10:47

Ош шаарында күрүчтүн баасы арзандады

Turmush -  Ош шаарында 20-январдан тартып 5-февралга чейинки аралыкта күрүчтүн баасы кескин төмөндөгөнү байкалды.

Экономика министрлигинин Түштүк аймактагы анализ секторунун маалыматына ылайык, Ош шаарында 20-январга карата 1кг күрүчтүн баасы 81,1 сомду түзсө, 5-февралга карата 80,9 сомго бааланды. Баадагы айырма 0,24%ды түздү.

Ошондой эле жергиликтүү күрүчтүн баасы 94,3 сомдон 94,2 сомго арзандоо менен баадагы айырма 0,1%ды түздү.

Жалпысынан түштүк аймакта 20-январга карата 1 кг күрүчтүн баасы 81,27 сом болсо, 5-февралга карата 80,9 сомду түзүп, арзандоо 0,45%ды көрсөттү. Ушул эле аралыкта жергиликтүү күрүчтүн баасы 91,72 сомдон 90,9 сомго же 0,9%га арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×