Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 10.02.2016 14:07

Ош шаардык бюджетинин бул жылдагы киреше бөлүгү 1,34 млрд сом деп белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, жергиликтүү депутаттар жана бардык мекеме-ишканалардын жетечилери катышты.

Сессиянын күн тартибине 19 маселе коюлуп, кеңири талкууланды, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Алгач Ош шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга божомолун бекитүү жөнүндө биринчи вице-мэр З.Аскаров маалымат берди.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга болгон долбоору жөнүндө Замирбек Аскаровдун берген маалыматы боюнча, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 1 млрд 34 млн 759 миң сом деп аныкталды.

Анын ичинен:

- салык кирешелери 874 млн 563 миң сомду (84,5% жалпы бюджеттин көлөмүндө);

- салык эмес кирешелери 59 млн 900 миң сомду (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 100 млн 296 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттен) түздү.

2015-жылдын бекителген бюджетинин киреше бөлүгүнө салыштырмалуу өсүү темпи 111,2%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×