Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.02.2016 13:28

Футбол боюнча АФК Кубогу-2016: «Алай» командасы «Триполи» менен беттешүүгө учуп кетти

Turmush -  Кыргызстандын футбол боюнча чемипиону — Оштун «Алай» командасы Азия футбол конфедерациясынын 2016-жылдагы Кубогунун тайпалык этабындагы беттеш үчүн Ливанга учуп кетти. Анын алкагында «Алай» командасы жергиликтүү «Триполи» клубу менен беттешет.

Маалыматтарга ылайык, футболчулар бүгүн, 7-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 4:40та Түркияга учуп кетишти. Андан соң Түркия аркылуу Ливанга сапар алышты.

Эки команданын беттеши 9-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат.

Кыргызстандык футболчулар 11-февралга караган түнү кайтып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×