Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2016 14:42

Ош шаарынын бюджетинен эң көп каражат турак жай жана коммуналдык кызматтарга 407,3 млн сом короду

Turmush -  Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдагы чыгаша бөлүгү 1 млрд 11 млн сомду түздү. Анын ичинен жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 117,6 млн сом, экономикалык маселелерге – 105,3 млн сом, турак жай жана коммуналдык кызматтарга – 407,3 млн сом, саламаттыкты сактоого – 7 млн сом, эс алуу жана маданий-диний иштерди уюштурууга – 69,2 млн сом, билим берүүгө – 273,4 млн сом жана социалдык коргоого – 25,7 млн сом акча каражаттары каржыланып, бекитилген план 93,2%га аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардын бюджети талкууланган жыйында айтылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, 2015-жылдын курулуш иш планында жергиликтүү бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Бардыгы болуп 25 курулуш объектисинин курулуштары жана оңдоо иштери каралган. Анын ичинде 19 жаңы курулуш объектиси бар жана 6 объект мурда бүтпөй келген курулуштар.

Жалпы пландаштырылган 25 курулуш объектисинин ичинен 5 курулуш объектилери социалдык, калган 20 курулуш коммуналдык жана башка багыттарда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×