Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2016 09:19

«Алай» футболдук клубу Ливандын «Триполи» командасы менен достук беттешке чыгат

Turmush -  Оштун «Алай» футболдук клубу 9-февралда Ливандын «Триполи» командасы менен достук беттешке чыгат. Аталган матчтын жеңүүчүсү Азия футбол конфедерациясынын 2016-жылдагы Кубогунун тайпалык этабына катышат.

«Алай» клубунун башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Айбек Татановдун айтымында, команданын курамында Казакстандын «Восток» командасынын жарым коргоочусу Вячеслав Куянов ойнойт.

А.Татанов кошумчалагандай, бул жылы «Алай» клубу күчтүү оюнчулар — дарбазачы Валерий Кащуба, жарым коргоочу Нурбек Жолдошев, чабуулчу Владимир Веревкин жана «Алганын» жарым коргоочусу Турсунали Рустамов менен толукталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×