Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 25.01.2016 17:13

Алайдагы футболдук мелдеште «Алай» командасы «Барселонаны» утту

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу Алай райондук балдарды дене тарбияга даярдоо спорт мектебинин жетекчиси Эргеш Мадышев билдирди. Анын айтымында, футбол оюнуна жалпы 6 команда катышкан.

«Спорт мектептин кичи футбол боюнча атайын биринчилигин өткөрдүк. Ага спорт мектебинин 1-класстан 6-класска чейинки окуучулары катышты. Катышкан ар бир команда өздөрүнө ат коюп алышкан. Жыйынтыгында 1-орунду «Алай» командасы, 2-орунду «Барселона» командасы, 3-орунду « Ак-Шумкар» командасы ээледи.

Жалпы 60 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тараптан кызыктыруучу белектер, грамоталар тапшырылды», - деди Э.Мадышев.

Биринчилик 21-январда өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×