Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 16.01.2016 12:00

Волейбол жана тогуз коргоол боюнча Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Ош шаарында волейбол жана тогуз коргоол оюну боюнча өткөрүлүп жаткан Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбеков билдирди.

IMG-20160116-WA0003

«Волейбол оюнуна балдар-кыздар арасында жалпы 16 команда: ар бир райондон бирден жана түштүк аймактык спорт комитетинен 1 команда катышты.

Жыйынтыгында кыздар арасында 1-орунду Ноокат району, 2-орунду спорт мектеби, 3-орунду Өзгөн району ээледи. Ал эми балдар арасында 1-орунду Ноокат району, 2-орунду Өзгөн району, 3-орунду Кара-Кулжа району алды.

Тогуз коргоол оюну боюнча кыздар арасында 1-орунду Алай району, 2-орунду Ноокат району, 3-орунду Өзгөн району алса, балдар арасында 1-орунду Өзгөн району, 2-орунду Алай району, 3-орунду Ноокат районунан келген балдар ээлешти.

Волейбол мелдеши 18 жаштан жогоркулар арасында, тогуз коргоол оюну мектеп окуучулар арасында өткөрүлдү», - деди Т.Камчыбеков.

Жеңүүчү аталган командаларга уюштуруучулар тарабынан кубок жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан ары жеңген командалар облустук спорт башкармалыгынын каттоосунда турат. Республикалык мелдештерге катышуучулар жеңген командалардын арасынан тандалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×