Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 15.01.2016 15:49

Волейбол жана тогуз коргоол боюнча Ош облусунун алгачкы биринчилиги башталды

Turmush -  Ош шаарында волейбол жана тогуз коргоол боюнча биринчи жолу Ош облусунун биринчилиги өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, биринчилик Тарых жана маданият жылына арналып өткөрүлүүдө.

«Биз быйыл алгачкы жолу Ош облусунун биринчилигин өткөрүп жатабыз. 2007-жылы Ош облустук спорт комитети жоюлуп кеткен. Ошондон бери республикага тандап алуучу гана турнирлер өтүп келген. 2015-жылы июнь айында кайрадан Ош облустук дене тарбия жанан спорт башкармалыгы түзүлдү.

Волейбол, тогуз коргоол оюндары кыздар жана балдар арасында болуп жатат. Оюнга облустагы 7 райондон жана түштүк аймактык спорт мектебинен келген спортчулар катышууда. Волейбол оюну боюнча жалпы 8 команда ат салышууда. Волейбол оюну 18 жаштан жогоркулар арасында, ал эми тогуз коргоол окуучулар арасында өткөрүлүүдө.

Оюн кечээ,14-январда башталып, бүгүн финалдык беттештер өтүп жатат. Жеңген командаларга уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, кубоктор тапшырылат», - деди Т.Камчыбеков.

Катышуучулардын бири Эдгар Болотбеков 13 жылдан бери волейбол ойнойт. «Мен азыр 30 жаштамын. 2003-жылдан тартып волейбол оюнуна кызыгып ойноп келем. 2 жылдан бери республикалык мелдештерди 1-орунду камсыз кылып келебиз. Бүгүн Өзгөн районунун атынан ойноп жатам. Өзүм Өзгөндө туулуп, өскөм. Волейбол оюну жашоомдун бир бөлүгү болуп калды», - деди Э.Болотбеков.

Тогуз коргоол оюну адамдын акылына акыл кошо турган оюн экендигин Алай районунун тогуз коргоол оюну боюнча машыктыруучусу Дүйшөн Калдыбаев белгилейт.

«Тогуз коргоол — кыргыздардын улуттук оюндарынын бири. Дүйнөдө 2 акыл оюну болсо анын бири деп тогуз коргоолду айтаар элем.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тогуз коргоол боюнча өзүнүн байгеси үчүн 15 жылдан бери мелдеш өткөрөт. Бизде дагы ушундай мүмкүнчүлүктөр түзүлсө жакшы болмок. Бул оюн жылдан-жылга бизде дагы күч алып келе жатат.

Биз бул оюнду баалашыбыз керек», - деди Д. Калдыбаев.

Биринчилик үчүн Алай районунан келген Ырысгүл Жаанбай кызы тогуз коргоол боюнча машыктыруучу агайын улуу жазуучу Ч.Айтматовдун « Биринчи мугалим » чыгармасындагы Дүйшөн агайга салыштырат.

«Быйыл 11-класста окуйм. 1-классымдан тартып эле тогуз коргоол оюнун ойноп келем. Менин агайымдын аты Дүйшөн. Агайымды «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дүйшөн агайга окшоштурам. Бүгүнкү оюндан жакшы ийгиликтерди күтүп жатам», - деди Ы.Жаанбай кызы.

Ноокат районундагы мектептин бүтүрүүчүсү Нияз Нурланбек уулу тогуз коргоол оюну адамдын акыл-эсин өстүрөт, деп белгиледи.

«Тогуз коргоолду 2 жылдан бери ойноп жатам. Бул оюнду ойноо үчүн математиканы жакшы билүү керек. Оюнда математикалык 4 амалды аткарууга туура келет. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда коргоол оюну жардам берип жатат», - деди Н.Нурланбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×