Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 12.01.2016 12:26

Ош казыятынын кызматкерлери лыжа тебүү мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Эс алуу күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын аппараты Алай районунун Чыйырчык лыжа базасында кызматкерлер арасында лыжа тебүү мелдешин өткөрдү. Мелдешке Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган жалпы казыят кызматкерлери катышты, деп маалымдайт казыяттын басма сөз кызматы.

Мелдеште облустун казысы Самидин кары Атабаев жетектеген «Ынтымак» командасы жана казыяттын башкы эсепчиси Абдубуркан Жээнбеков жетектеген «Достук» командасы жарышка чыгышты. Мелдеште катышуучулар белгиленген жарым чакырым аралык жолду жарышуу менен басып өтүштү.

Мындан сырткары катышуучулар лыжа тебүү спортунун альпиялык түрүнөн күч сынашып, бардык тоолуу жерлерден лыжа, сноуборд жана монолыжада тездик менен түшүү аркылуу жарышышты.

Жыйынтыгында белгиленген жарым чакырым аралыкты басып өтүү жарышында командалык эсеп менен «Ынтымак» командасы жеңишке жетишти. Ал эми лыжа тебүүнүн альпиялык түрүнөн тоолуу бийик жерлерден тездик менен ыкчам түшүүдө «Достук» командасы мөөрөйдү илип кетти. Казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев «Эң мыкты лыжачы», ал эми казыяттын курулуш адиси Акжол Бакиров «Эң мыкты сноубордчу» аталды.

Облус казысы Самидин кары Атабаев дин кызматкерлеринин спорт мелдештерине активдүү катышуусу сергек жашоого үндөп, күжүрмөн эмгекчилдикке тарбиялайт, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×