Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 08.01.2016 08:45

Оштун 8 жаштагы тургуну А.Хакимов таэквондо ITF боюнча турнирдин алтын медалын 4 жыл катары менен ээледи (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 8 жаштагы тургуну Абубакир Хакимов 4 жыл катары менен таэквондо ITF боюнча өткөн турнирлерде алтын медаль алууда.

Анын бир тууганы Хаким Хакимов билдиргендей, Абубакир таэквондо ITF боюнча Ош шаарында 5-январда өткөн чемпионатта 1-орунга ээ болду.

«Абубакир жөндөмдүү жана таланттуу бала. Аны таэквондого мен алып келгем. Мен дагы таэквондо менен алектенем. 2015-жылы республикалык турнирде 1-орунга ээ болгом», - дейт Х.Хакимов.

Ош облустук балдар спорттук мектебинде түштүк аймактагы 6 жаштан 17 жашка чейинки спортчулар арасында таэквондо ITF боюнча чемпионат өткөн. Ага жалпы 174 спортчу катышкан.

Абубакир Хакимов 20 килограммдык салмакка чейинки категория боюнча катышып келет. Ал эми турнирдин жеңүүчүлөрү диплом жана баалуу белектерди алышты.

Видео:  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×