Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 07.01.2016 16:12

Ош шаарында эл аралык таэквандо боюнча турнирлерге катыша турган өспүрүмдөр тандалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-январда Ош шаарында өспүрүмдөр арасында таэквандо боюнча турнир өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Кабарчыга маалымдалгандай, мелдешке 6 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр катышууда. Турнир кыздар жана балдар арасында өтүп жатат.

Мелдешке 18 килограммдан баштап, 80 килограммга чейинки 174 спортчу ат салышууда.

Мелдештин башкы максаты — эл аралык турнирлерге катыша турган күчтүү спортчуларды аныктоо.

Турнир Ош шаарындагы Олимпиада резервинин балдар жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо мектебинде өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×