Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 02.01.2016 10:16

Ош шаарынын тургундары борбордук аянтта спорттук мелдештерге түштү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жылдык иш-чаралардын алкагында спорттук мелдештер өттү.

Шаардык дене тарбия жана спорт комитети маалымдагандай, жергиликтүүлөр аркан тартыш мелдешине түштү. Жеңүүчүлөргө ар кандай белектер ыйгарылды.

Мурда маалымдалгандай, Ош шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралар 15 миң көрүүчүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өттү. 

Салтанат балдар үчүн уюштурулган оюн-зооктор менен башталып, эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусундагы чоң программадагы концерт менен улантылды. Андан соң улуттук оюндардын мелдеши өттү. 

Ошондой эле шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев кыргызстандыктарды, шаардыктарды куттуктап, ийгиликтерди, жакшылыктарды каалады.
Майрамдык салтанаттын алкагында фейерверктер, салюттар атылып, бий кечеси менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×