Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 28.12.2015 08:34

Фото - Ош шаарында 150 спортчу катышкан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аталды

Turmush -  Ош шаарында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча V эл аралык турнир аяктады.
26-27-декабрда өткөн турнирге Крыгызстандын жети облусунан жана Казакстан менен Тажикстандан чакырылган 150гө чукул спортчулар катышты.

Шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдиргендей, жеңүүчүлөргө медалдар жана баалуу белектер ыйгарылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ош шаарынын атынан чыккан спортчулардын арасынан С.Махмудов 55 кг салмактагылар арасында 1-орунга, А.Махмудов 66 кг салмактагылар арасында 1-орунга, Имур Жунусов 71 кг салмактагылар арасында 1-орунга чыкты. Ошондой эле А.Адилет уулу 50 кг салмактагылар арасында 2-орунду, А.Уларбек уулу 80 кг салмактагылар арасында 2-орунду, М.Абай уулу 80 кг салмактагылар арасында 3-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×