Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 26.12.2015 13:38

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы «Алыш» спорттук комплексинде бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча V эл аралык мелдеш өтүп жатат. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин спорт боюнча адиси Фарух Садыков билдиргендей, мелдештер эки күнгө созулат.

«Эл аралык турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен чакырылган спортчулар келишти. Мындан сырткары өлкөнүн баардык облустарынан дагы спортчулар чакырылган. Жалпы 100дөн ашык спортчу катышууда.

Мелдеш чоңдор арасындагы 9 салмак даража боюнча өткөрүлүүдө. Сырттан келген спортчулардын чыгымдары спорт комитети тарабынан каржыланууда», - деди Ф.Садыков.

54

53

52

51

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×