Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 22.12.2015 14:04

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Turmush -  Ош шаарында 26-27-декабрь күндөрү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Оштогу «Алыш» спорт комплексинин директору Чолпанбай Эрмеков билдирди.

«Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте грек-рим боюнча эл аралык турнурди уюштуруп жатабыз. Агы Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринен спортчулар чакырылды.

Мелдеш 18 жаштан жогоркулар арасында өткөрүлөт. Спортчулар жалпы 9 салмакта күч сынашат. Бул мелдеш 5 жылдан бери өткөрүлүп жатат», - деди Ч.Эрмеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×