Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 18.12.2015 11:13

Стол тенниси боюнча Өзгөн шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарында достукту жана ынтымакты бекемдөө максатында мектептер арасында стол тенниси боюнча шаар биринчилиги өттү.

Кечээ, 17-декабрда өткөн мелдеш Өзгөн шаардык балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубу тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Азиз Мавлянов билдирди.

«Бул мелдешке шаардагы 6 мектептин окуучулары катышты. Оюн кыздар жана балдар арасында өткөрүлдү. Оюнду өлкөнүн теннис боюнча бир нече жолку чемпиону Асилбек Чотоев баштап берди.

Оюндун жыйынтыгында кыздар арасында 1-2-орунду Курманжан датка орто мектебинин окуучулары, 3-орунду С.Шарипов атындагы орто мектебинин окуучулары ээлешти», - деди А.Мавлянов.

Учурда балдар арасындагы мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×