Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 14.12.2015 17:57

Ош шаарында кикбокс жана оор атлетика боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  12-13-декабрь күндөрү Ош шаарында оор атлетика жана кикбокс боюнча шаар биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин спорт боюнча адиси Фарух Садыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн түштүк регионундагы спортчулар катышкан.

«Мухаммед Умар» спорт клубунда шаардын кикбокс боюнча ачык биринчилиги өттү. Ага Ош шаарындагы 7 спорт клубдун спортчулары жана Кара-Суу, Өзгөн районундагы спортчулар катышты. Жалпы 100дөн ашык спортчу катышып, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Ошону менен катар оор атлетика боюнча биринчилик болуп, ага Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан 70ке жакын спортчу катышты», - деди Ф.Садыков.

Мелдеш Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө медаль, грамоталар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×