Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 09.12.2015 10:49

Ош шаарында күрүчкө болгон баа жогорулап, төө буурчактын баасы төмөндөдү

Turmush -  Ош шаарында декабрь айынын башында күрүчкө болгон баа жогорулап, төө буурчактын баасы төмөндөдү. Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана көзөмөл секторунун маалыматына ылайык, 4-декабрга карата 1 килограмм күрүчтүн баасы 82 сомду түзсө, 1 жума мурун 80 сомго сатылып жаткан. Ортодогу баанын өсүшү 2,5%ды түздү.

Ош шаарында 4-декабрга карата жергиликтүү күрүчтүн 1 килограммы 94,3 сом болсо, 1 апта мурун 90,4 сомго бааланган. Баа 4,3%га өстү. Ал эми импорттолгон күрүчтүн 1 килограммы 69,7 сомду түздү.

Көрсөтүлгөн убакытка карата шаарда 1 килограмм төө буурчак 86,3 сомго бааланса, 1 жума мурунку баасы 93,8 сомду түзгөн. Ортодогу айырма 9%ды көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×