Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 08.12.2015 18:52

Ош шаарындагы мугалимдер волейбол боюнча мелдешке түштү

Turmush -  Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери спорттун волейбол түрү боюнча мелдешке түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, мелдешке шаардагы 54 мектептин ичинен 20дан ашык мектептин мугалимдери катышты.

Мелдеш мугалимдер арасында ынтымакты, достукту чыңдап, окуучуларды спортту сүйүүгө үндөө максатында уюштурулган.

Жыйында №50 мектептин мугалимдери мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Ал эми №46 мектептин мугалимдер жамааты 2-орунду, №47 мектептин мугалимдери 3-орунду ээлешти. Алдыңкы орунду ээлген командаларга баалуу белектер менен бирге грамоталар ыйгарылды.

№50 мектептин дене тарбия мугалими Искендер Эшбаев, мелдеш өзгөчө болгондугун белгиледи.

«Волейбол оюнунун өзгөчөлүгү мугалимдердин аралаш ойногонунда болду. Бир командада 3 агай, 3 эжей ойноду. Оюн жогору деңгээлде өттү. Биз мындан ары да спорттун бир нече түрү боюнча мугалимдер арасында мелдеш өткөрүүнү пландап жатабыз», - деди И.Эшбаев. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×