Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 08.12.2015 12:54

Каратэ-до боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн Ош шаарынын 20 спортчусу беттешет

Turmush -  Эртең, 9-декабрда Бишкек шаарында өтө турган каратэ-до боюнча Кыргызстандын кубогуна Ош шаарынан 20 спортчу жөнөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин спорт боюнча адиси Фарух Садыков аймактык кабарчыга билдирди.

Мелдеш 11-декабрдан 13-декабрга чейин болот.

«Мындан сырткары 12-13-декабрь күндөрү Ош шаарынын биринчилигине оор атлетика жана кикбоксинг бонча мелдеш өткөрүлөт. Мелдешке Баткен, Жалал-Абад облустарынан спортчулар чакырылган. Мелдешке 15 жаштан жогорку, 48 килограммдан 91 килограммга чейинки салмактагы спортчулар катышат», - деди Ф.Садыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×