Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 04.12.2015 15:10

Оштогу ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланат

Turmush -  Эртең, 5-декабрда Ош шаарында ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланат.

Оштогу жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Р.Сапаровдун айтымында, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана башка тиешелүү бийлик өкүлдөрү катышып, ишкерлер менен жолугат.

Анын жүрүшүндө ишкерлер үчүн салыктын кымбатташы, Орусия менен Казакстанга товарларды өткөрүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу кеңири талкуу жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×