Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2015 11:55

Таэквондо жана командалык спарринг боюнча Ош шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрь күнү Ош шаарындагы М.Фрунзе атындагы орто мектебинде таэквондо жана командалык спарринг боюнча шаар биринчилиги болуп өттү.  Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Садыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 3 даража боюнча өткөрүлгөн.

«Биз жаш өспүрүмдөр арасында таэквондо жана командалык спарринг боюнча мелдеш өткөрдүк. Мелдеш 3 даража боюнча: 10-11 жаштар арасында, 12-14 жаштар арасында, 15-17 жаштар арасында өттү. Натыйжада 10-11 жаштар арасында биринчиликти Токтогул атындагы орто мектеби, 12-14 жаштар арасындагы биринчиликти «Таймаш» спорт клубу, 15-17 жаштар арасындагы 1-орунду Фрунзе орто мектеби алды», - деди Ф.Садыков.

Жеңген командаларга уюштуруучулар тарабынан кубоктор, дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Мелдеш шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган.

IMG-20151130-WA0071

IMG-20151130-WA0072

IMG-20151130-WA0073

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×