Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 27.11.2015 18:48

Ош шаарындагы окуучулар достукту жана ынтымакты бекемдөө максатындагы футбол мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарында окуучулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш болду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Футболдук мелдештин негизги максаты — мектеп окуучуларынын арасында достукту жана ынтымакты бекемдөө.

Аталган мелдешке Ош шаарынын мектептеринде окуган ар улуттагы окуучулар катышты.

«Бүгүнкү өтүп жаткан футболдук мелдешке катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Биздин «Ынтымак» командасында 8 мектептин окуучулары ойноп жатышат. Биз башка мектептин балдары менен таанышып, дос болдук. Мындан ары да футбол ойноп турууну чечтик», - деди №50 мектептин окуучусу И.Оморов.

Буга чейин футболдук мелдештин 2-туру болуп өткөн. Бүгүнкү мелдеш финалдык беттеш болуп, 4 команда беттешти. Мелдештин аягында «Достук» командасы алдыга озуп чыгып, жеңүүчү аталды.

«Ош шаарында жалпы билим берүүчү 54 мектеп бар. Анда ар улуттун өкүлдөрү окушат. Биздин максат спорт аркылуу окуучуларды достукка, ынтымактыкка жана спортту сүйүүгө үндөө», - деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×