Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 27.11.2015 09:13

Ош шаарында студенттер арасындагы эгиздер фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарында алгачкы жолу кечээ, 26-ноябрда эгиздер фестивалы өтүп, эгиз студенттер арасында талант, жөндөм жана интеллектуалдык деңгээл боюнча таймаш жүрдү, деп билдирди аймактык кабарчы. Фестивалга катышкан 9 жуптун айрымдары ушул жылы жогорку окуу жайды аяктайт.

Фестивалдын коногу болгон пакистандык эгиз студенттерге чаткалдык эгиз студенттердин апасы ат жана төөнүн сувенирин белекке тапшырды.

А 23

А 24

Фестивалдын катышуучуларынын арасынан «Таланттуу эгиздер» «Стилдүү эгиздер», «Ийкемдүү эгиздер», «Өнөрлүү эгиздер», «Күчтүү эгиздер», «Сулуу эгиздер», «Акылдуу эгиздер», «Сымбаттуу эгиздер» номинациялары ыйгарылды.

Ошондой эле катышуучуларга жогорку окуу жайдын жетекчилиги тарабынан 1000 сомдон акчалай сыйлык жана китептер белекке берилди. Мындай фестивалды кийинки жылы республикалык деңгээлде өткөрүү пландалууда.

Фестивалга катышкан эгиздер:

- Батма жана Зуура Камчыбековалар;
- Маматкасым уулу Байыш, Маматкасым уулу Жаныш;
- Айпери жана Нурпери Усеновалар;
- Зухра жана Фотима Халматовалар;
- Апал жана Үпөл Нурказыевалар;
- Батма жана Зуура Турганбаевалар;
- Гүлнар жана Гүлзар Сулаймановалар;
- Зухра жана Фатима Эргашевалар;
- Элнура жана Гүлнура Кушбаковалар.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×