Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 26.11.2015 18:40

Ош шаарында доллардын курсу 76 сомго жетти

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктын кассаларында 1 доллардын баасы 75,7-76,5 сомго жетти.

Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, 26-ноябрда доллардын баасынын кескин кымбаттагандыгы байкалды. Саат 16:00гө карата 1 доллардын сатып алуудагы баасы 75-75,7 сом, сатуудагы баасы 76-76,5 сом болууда.

Ал эми 24-ноябрга карата 1 АКШ доллары сатып алуудагы баасы 73-73,2 сомго бааланса, сатуудагы баасы 73,3-73,5 сомду түзгөн.

Жалпысынан акыркы 2 күндүн ичинде АКШ долларынын баасы 2,5-3,6%га кымбаттаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×