Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 13.11.2015 15:03

Бүгүн Ош шаарында доллардын курсу 72-72,3 сомду көрсөтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында доллардын курсу 72-72,3 сомду түздү. Мониторингге ылайык, шаардагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассаларында саат 13:00гө карата доллар сатып алууда 71,8-72 сомго, сатууда 72,1-72,3 сомго бааланды.

Мурда маалымдалгандай, 12-ноябрга карата 1 доллардын курсу сатып алууда 72 сомго, сатууда 72,4 сомго жеткен.

Доллардын курсу 9-ноябрга карата сатып алууда 71,15-71,3 сомго, сатууда 71,7-72 сомго бааланган.

Муну менен Ош шаарында ноябрдын башына карата доллардын курсу 2,8-3,2%га өстү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×