Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 10.11.2015 08:51

Ош шаарында доллардын курсу 71,3-72 сомго бааланууда

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 9-ноябрда доллардын баасы 71,3-72 сомду түздү.
Мониторингге ылайык, саат 16:00гө карата шаардагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассалары 1 долларды сатып алууда 71,15-71,3 сомго, сатууда 71,7-72 сомго баалады.

Мурда маалымдалгандай, Ош шаарында 6-ноябрга карата 1 доллар сатып алууда 70-70,2 сомду, сатууда 70,8-71,2 сомду түзгөн.

31-октябрдагы мониторинг боюнча 1 доллар сатып алууда 69,5-69,6 сомду жана сатууда 69,9-70 сомду түзгөн.

Октябрдын башынан бери доллар 3,4-3,8%га жогорулады. Ал эми 1-октябрга карата 1 доллар сатып алууда 68,7-68,9 сом, сатууда 69,2-69,45 сом болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×