Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2015 16:12

Ошто октябрь айынын аягында цементке болгон баа өзгөрдү

Turmush -  Ош шаарында 30-октябрга карата эң көп колдонулуучу М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы арзандады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана текшерүүнү көзөмөлдөө секторунан маалымдалды.

Сектордун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында М-400 үлгүсүндөгү 50 килограммдык 1 кап цемент 303,5 сомго бааланса, октябрь айынын ортосундагы 306,5 сомдон сатылган. Муну менен анын баасы 1,02%га арзандады.

Жалпысынан алганда, түштүк аймактар боюнча, 30-октябрда М-400 үлгүсүндөгү 50 килограммдык 1 кап цемент 359 сомго бааланып, октябрь айынын ортосундагы 359,7 сом болгон баасынан 0,2%га арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×