Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 02.11.2015 15:06

Ош шаарында ундун баасы 1,6%га арзандады

Turmush -  Ош шаарында октябрь айынын аягына карата унга болгон баа арзандады. Экономика министрлигинин Түштүк аймактык башкармалыгындагы анализ секторунун маалыматына ылайык, 30-октябрда шаарда 1-сорттогу 1 кг ун 27,68 сомдон 27,43 сомго түштү. Ошондой эле 2-сорттогу ундун килограммы 18,9 сомдон 18,6 сомго арзандады.

Жалпысынан түштүк аймакта 1-сорттогу ун көрсөтүлгөн убакытта 30,6 сомдон 29,7 сомго түшсө, 2-сорттогу ундун мурдакы 23,9 сомдук баасы, 23,2 сомго түштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×