Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2015 14:12

Ош облусу жалпы мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын план тапшырмаларын ашыгы менен аткарды

Turmush -  Ош облусу боюнча жалпы мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын план тапшырмаларын облустун бардык райондору ашыгы менен аткарышты.

2015-жылдын январь-август айларында мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча болжол планы 975,4 млн сом болсо, аткарылганы 1 млрд 21 млн 606,1 миң сомду түздү, же болжол план 104,7%га жетип, мамлекеттик бюджеттин казынасына 46,2 млн сомго көп чегерилип, ал эми өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 20,7 млн сомго жогорулап, өсүү ыргагы 102,1%га жетти.

Жалпы мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын план тапшырмаларын облустун баардык райондору ашыгы менен аткарышты: Алай 108,9%, Араван 102,2%, Кара-Суу 101,9%, Кара-Кулжа 110,8%, Ноокат 106,4%, Өзгөн 103,1% жана Чоң-Алай району 124,7%.

Республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол планы 392,2 млн сом болсо, чогултулганы 382,4 млн сомду түздү же болжол-план 97,5%га аткарылып, республикалык бюджеттин казынасына 9,8 млн сомго аз түштү.

Республикалык бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын план тапшырмаларын Кара-Суу (101,2%), Кара-Кулжа (112,1%) райондорунан башка райондор аткара албай калышкан. Алай (97,8%), Араван (91,0%), Ноокат (94,5%), Өзгөн (98,0%) жана Чоң-Алай (81,9%).

Жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын болжол планы 537,3 млн сом болсо, чогултулганы 639,1 млн сомго жетип, болжол план 119%га аткарылды же жергиликтүү бюджеттин казынасына 101,8 млн сомго ашыкча чегерилди. Ал эми өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата өсүү темпи 103,3% аткарылып, жергиликтүү бюджеттин казынасына 20,7 млн сомго ашыкча түштү.

Жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктарды жана жыйымдарды облустун бардык райондору ашыгы менен аткарышкан.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактар аралык ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгында жыйналган (эсептелген 133,5 млн сом) 98,0 млн сомдук салыктарды кошуп эсепке алганда, Ош облусу боюнча 2015-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгында жалпы мамлекеттик бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын аткарылганы 1 млрд 119 млн 621,3 миң сомду түзүп, план тапшырма 100,9%га аткарылган же бюджетке 10,7 млн сом ашыкча чегерилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×