Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2015 10:36

Кытайда ишкерлер койдун жүнүнөн кийим, килем токуп, 1 млн сомдон ашык баага сатышат (фото)

Turmush -  Кытайга Ош шаарынан барган журналисттер койдун жүнүнөн сапаттуу кийимдерди чыгарган компаниянын ишмердүүлүгү жана Европадагы байлардын берген буюртмасынын негизинде өзгөчө токулган килемдер менен таанышып чыгышты.

Кытайдын Синин шаарындагы Кытайлык ишкерлер   тибеттик койдун жүнүнөн кымбат баалуу кийимдерди  чыгарып, чет жерлерге эскпорттошот. Ош шаарынан келген журналисттер  компаниянын иш тажрыйбасы менен жакындан таанышышты.

Аталган жүн чыгаруучу компания 2007-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн баштаган. Алар жылына бир ирет гана май айында тибеттик койлордун жүнүн сатып алат. Жүндү алгач ар кандай түрлөргө бөлүп чыгышат. Андан соң жууп тазалап, жүн тытуучу жабдыкка жиберет. Ал жерден жүн тытылып пахтадай болуп калат. Компания  тазаланган жүндү да керектөөчүлүр үчүн сатыкка чыгарган. 1 кг жүн 700 юанга бааланат. Ошондой эле, ишкана жүндөн жип жасап, кийимдерди да чыгарат. Жүндөн жасалган кийимдердин сапаты мыкты болгондуктан алардын эң төмөнкү баасы эле 1000 юанды түзөт.

Бул жүндөн жасалган кийимдердин баасы өтө жогору сапатты да  мыкты деңгээлде. Кийимдердин эң алгачкы эле баасы 1000 юанды түзөт. Ишканадагы моюн орогуч токуучу жабдык Германиядан алынып келинген.  Жакынкы күндөрдө жогорку сапаттагы кийим-кече, моюн орогучтар өзгөчө стилде жасалып, сатыкка чыгат.

Мындан тышкары, кытайлык  ишкерлер койдун жүнү менен топоздун жүнүнөн килем токуп чыгарышат. Килемди токуу 2 түрдө жүргүзүлөт: колго токулган килемдер жана килем токуучу машинанын жардамы менен жасалган килем. Колго килем токуу көп убакытты талап кылат. Узундугу 2 м, туурасы 1,5 м болгон килемди жумушчулар 60 күндө токуп бүтүшөт. Бирок ушул эле килемди машина 2 cаат аралыганда даярдап коет. Натыйжада колго токулган килем тыгыз тигилип жумшак болсо, машина токуган килем калдайып катуу болот. Колго токулган килемдин баасы машинага токулган килемден 3 эсеге кымбат.

Белгилей кетсек, ишкана жылына 100 тонна жүн  иштетип чыгарат.

Килем токуучу компаниянын ичинде ар кандай элестерди чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да орун алган. Сүрөттөр килем сыяктуу жүндөн токулуп, 89 түс берилген.

Аталган ишканын Кытайда 5 филиалы бар. Ошондой эле, анын кеңселерин Япония, Германия өлкөлөрүнөн да кездештирүүгө болот. Ишканага буюртмалар өзгөчө Европа өлкөлөрүнөн түшөт.  Колго токулган килемдин баасы 66 миң юанды (660 миң сом) түзөт. Андыктан килемдерге негизинен байлар гана буюртма беришет. Ишкана жылына 1 млн квадрат метр килем токуп чыгарып, алардын баары сатылып кетет.

Килем болуп токулган сүрөттөрдүн эң кымбаты 1 млн 300 миң сомго сатылат. Алардын бетине белгилуу адамдардын, жаратылыштын жана ыйык жерлердин элеси чагылдырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×