Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 06.10.2015 11:39

Ош шаарында буудай менен ундун баасы кымбаттады

Turmush -  Ош шаарында 2-октябрга карата буудай менен ундун баасы кымбаттагандыгы байкалды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода анализи, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунан маалымдашты.

Сектордун маалыматына ылайык, 2-октябрга карата Ош шаарында 1 кг буудайдын баасы 16,2 сомду түзсө, бир апта мурун 16,1 сомдон сатылган. Муну менен баанын көрсөткүчү 1%ды түздү.

1-сорттогу 1 кг ун көрсөтүлгөн убакытта 27,8 сомго бааланса, анын бир жума мурунку баасы 27,7 сомду түзүп, баасы 0,4%га кымбаттаган. Ал эми сентябрь айынын башында Ош шаарында 1 кг 1-сорттогу ун 28 сомдон сатылган.

Ош шаарында 2-октябрга карата 2-сорттогу ундун баасы бир жума мурунку баасынан 0,3%га кымбаттады. 1 кг 2-сорттогу ундун баасы бир жума мурун 19,6 сомду түзсө, көрсөтүлгөн убакытта 19,65 сомдон сатылууда.

Ал эми сентябрь айынын ортосунда 1 кг 2-сорттогу ун 19,9 сомдон сатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×