Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2015 15:02

Ош шаарында доллар 68,7-68,9 сомдон сатылууда

Turmush -  Бүгүн, 28-сентябрга карата Ош шаарында доллардын курсу 68,1-68,7 сомго бааланууда. Мониторингге ылайык, саат 13:30га карата шаардын аймагындагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассаларында 1 доллар сатып алууда 68,1-68,3 сомго, сатууда 68,7-68,9 сомго бааланууда.

Мурдараак маалымдалгандай, 26-сентябрга карата доллардын курсу сатып алууда 67,4-67,7 сомго сатууда 68,4-68,5 сомго бааланган.

Ал эми 25-сентябрда Ош шаарында 1 доллар сатып алууда 68-68,2 сомду, сатууда 68,9-69,1 сомду түзгөн.

Доллардын орточо арзандоосу 0,9-1,3%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×