Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2015 11:39

Ош шаарында сентябрдын аягына карата күйүүчү майга болгон баалар өзгөрүүдө

Turmush -  Ош шаарында сентябрь айынын аягына карата күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар өзгөрдү.

Экономика министрлигинин анализ секторунун маалыматына ылайык, 26-сентябрга карата А-80 үлгүсүндөгү майдын 1 литри Ош шаарында 36,5 сомдон сатылды. Анын бир жума мурунку баасы 37,5 сом болгон. Ал эми сентябрь айынын башына карата А-80 үлгүсүндөгү майдын литри 38,5 сомго жеткен.

Дизель отуну 26-сентябрга карата 40 сомго бааланды. Анын бир жума мурунку баасы 41 сом болгон.

Жалпысынан түштүк аймакта 26-сентябрга карата күйүүчү майдын А-80 үлгүсү 36,6 сомго бааланып, бир жума мурунку баасынан 0,8%га төмөндөдү. Ал эми дизель отунунун 1 литри 39,4 сомго бааланып, бир жума мурунку баасынан 0,8%га төмөндөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×