Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2015 07:59

Кара-Сууда этке болгон баалар өзгөрүүдө

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу шаарында 11-сентябрга карата этке болгон баа өзгөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунан билдирди.

Сектор маалымдагандай, 11-сентябрга карата Кара-Суу шаарында 1 кг кой эти 330 сом болсо, бир апта мурунку баасы 320 сом болуп, көрсөткүч баа 3,1%га кымбаттады.

Көрсөтүлгөн убакытта Кара-Суу шаарында 1 кг уй эти 310 сомду түзсө, бир жума мурунку баасы 320 сом болуп, баадагы айырма 3,1%ды түздү.

Жалпысынан түштүк аймагы боюнча көрсөтүлгөн убакытта 1 кг кой жана уй эти 329,2 жана 320,7 сомду түзсө, бир жума мурун 328,4 жана 321,6 сом болуп, же баа 0,3%га өзгөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×