Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2015 11:07

Өзгөндө импорттолгон күрүчтүн баалары өзгөрүүдө

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 11-сентябрга карата күрүчкө болгон баа өзгөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунан билдирет.

Сектор маалымдагандай, Өзгөн шаарында 11-сентябрга карата 1 кг күрүчтүн баасы 80 сом болсо, бир жума мурун 1 кг күрүч 82,65 сомго сатылып жаткан. Ортодогу баанын көрсөткүчү 3,2%ды түздү.

Импорттолгон күрүчтүн баасы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 кг 60 сом болсо, бир жума мурун 59 сомго сатылып жаткан, же 1,7%га кымбаттады.

Ал эми көрсөтүлгөн убакытта жергиликтүү сорттогу 1 кг күрүчтүн баасы 100 сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×