Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2015 10:27

Ош жана Өзгөн шаарларында 11-сентябрга карата күйүүчү майдын баасы арзандады

Turmush -  Ош шаарында 11-сентябрга карата А-80, А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын жана дизель отунунун баасы арзандады. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык сооданы анализдөө, ишкердик жана текшерүүнү көзөмөлдөө секторунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаары боюнча көрсөтүлгөн убакытта А-80 үлгүсүндөгү 1 литр күйүүчү майдын баасы 37,5 сом болсо, сентябрь айынын башында анын баасы 38,5 сом болгон. Муну менен баалык көрсөткүч 2,6%ды түздү.

Ал эми А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензин сентябрдын башында 45 сомдон сатылган болсо, 11-сентябрга карата анын баасы 44 сомго же 2,2%га арзандады.

Ош шаары боюнча көрсөтүлгөн убакытта дизель отунунун 1 литри 41 сомго бааланып, сентябрь айынын башындагы баадан 6,8%га арзандады.

Жалпы түштүк аймак боюнча 11-сентябрга карата А-80 үлгүсүндөгү 1 литр күйүүчү майдын баасы 37,5 сомдон 36,9 сомго же 1,6%га арзандаган. Ал эми А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 43,8 сомдон 43,3 сомго арзандап, ортодогу баанын көрсөткүчү 1,1% болду.

Ал эми Өзгөн шаарында дизель отунунун 1 литри 11-сентябрга карата 40,1 сомдон сатылса, 1 жума мурунку баасы 41,8 сомду түзүп, баанын көрсөткүчү 4,1%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×