Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 17.09.2015 10:02

Ош шаарында ун менен буудайга болгон баалар өзгөрдү

Turmush -  Ош шаарында 11-сентябрга карата буудай менен ундун баасы арзандады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын анализ сектору билдирет.

Анализ сектор маалымдагандай, көрсөтүлгөн убакытта Ош шаарында 1 кг буудайдын баасы 16,3 сом болсо, бир жума мурунку баасы 16,6 сом болгон. Баадагы айырма 1,6%ды түздү. Ал эми август айынын аягында 1 кг буудай 17,1 сомдон сатылып жаткан.

11-сентябрга карата Ош шаарында1-сорттогу 1 кг ундун баасы 28,63 сомду түзсө, бир жума мурунку баасы 28,88 сом болуп, 0,9%га арзандады. Август айынын аягына карата 1-сорттогу 1 кг ундун баасы 29,38 сом турган.

2-сорттогу 1 кг ундун баасы көрсөтүлгөн убакытта 19,9 сомго бааланса, 1 апта мурунку баасы 20,1 сомду түзүп, ортодогу айырма 1,1%га жетти. Августтун аягында Ош шаарындагы 2-сорттогу 1 кг ундун баасы 20,8 сомго сатылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×