Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2015 09:57

Ош шаарында сентябрь айына карата жашылча-жемиштерге болгон баалар өзгөрдү (баалар)

Turmush -  Ош шаарында сентябрь айынын башына карата жашылча-жемиштерге болгон баалар арзандады. Экономика министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын анализ сектору тарабынан 10-сентябрга карата жүргүзүлгөн мониторинг боюнча, Ош шаарынын борбордук базарында 1 кг жүзүмдүн 1 кг салмагы 45-55 сомду түздү.

«Учурда Ош облусунун ар кайсы аймактарынан келип түшкөн жергиликтүү жашылча-жемиштер көп. Ошондуктан баалар арзандап жатат. Бирок экспорт же өлкөнүн башка облустарына алып кетүүдө баалар жогорулашы мүмкүн», - дешет сатуучулар.    

Облустун борбордук базарындагы жашылча-жемиштердин 15-августтан кийинки баалары:

- картошка – 12-18 сом (кг)
- пияз – 15-20 сом
- сабиз – 20-25 сом
- капуста – 15-18 сом (4-6 кг)
- помидор – 14-17 сом (кг)
- бадыраң – 18-20 сом (кг)
- болгар калемпири жана баклажан –20-22 сом (кг)
- дарбыз – орточо 1 даанасы 60 сом (6-8) кг
- коон – 70-100 сом (4-6) кг
- алма – 20-30 сом (кг)
- шабдаалы – 55-80 сом (кг)
- өрүк - 55-80 сом (кг)
- алмурут – 25-40 сом (кг)
- кулпунай- 110-130 сом (кг)
- сарымсак– 160-180 сом (кг).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×