Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 09.09.2015 09:58

Ошто доллардын баасы дагы жогорулады

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрга карата Ош шаарында доллардын курсу 66,7-67,7 сомго бааланууда. Мониторингге ылайык, шаардагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассаларындагы баа сатып алууда 66,5-66,7 сомду жана сатууда 67,5-67,7 сомду көрсөтүүдө.

Мурдараак маалымдалгандай, кечээ, 8-сентябрга карата 1 доллар сатып алууда 66,2 сом жана сатууда 67,5 сомго бааланган.
Ал эми 3-сентябрга карата 1 доллар сатып алууда 65,5-65,8 сомду жана сатууда 66-66,5 сомду түзгөн.

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда кечээ, 8-сентябрда саат 13:00дө доллардын баасы 67,10 сомду (сатып алууну) жана 67,50 сомду (сатууну) түздү. Муну менен тарыхый максимум жаңыланды.

Валюталар баасы: Доллардын баасы 67,8 сомду түздү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×